Кыргызстандык студенттер КМШнын Эл аралык студенттик конгрессине катыша алат
23 сентябрь

Кыргызстандык студенттер КМШнын Эл аралык студенттик конгрессине катыша алат

Кыргызстандык студенттер КМШнын Эл аралык студенттик конгрессине катыша алат.

Иш-чара 27-сентябрга пландалган, анын башкы темасы — туризмди өнүктүрүү. 

Конгресстин ишине КМШ өлкөлөрүнүн 100 университетинен жана орто атайын окуу жайларынан жыйырма миңге жакын студент катышат деп күтүлүүдө. Алар келечектин туризми жана туризмдин келечеги тууралуу талкууларды жүргүзүшөт. 

Конгресстин баяндамачылары россиялык жана туризм тармагынын эл аралык лидерлери болмокчу.

Конгресс онлайн форматында өткөрүлөт. Катталуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: turcongress.online/

Конгресс Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналган.