Төрөбаев: Терини кайра иштетүүчү заводдор жылына 800 миң терини кайра иштетет
21 июль

Төрөбаев: Терини кайра иштетүүчү заводдор жылына 800 миң терини кайра иштетет

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Аламүдүн районуна караштуу Пригордное айылындагы тери заводго барды.

– Учурда өлкөбүздө малдын терилерин кайра иштетүү боюнча кичи-чоң ишкана цехтердин сандары көбөйүп, кызыгуулар артууда. Буга малдын терисинин сапаттына маани берилип жатканын негиз болууда. Президенттин тапшырмасына ылайык ар бир аймакта терини кайра иштеткен завод-фабрикаларды куруу милдетин ишке ашыруу аракети үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Натыйжада, жакынкы жылдары бир дагы тери жерде таштанды болуп калбайт. Ар бир тери иштетилип, фермерлерге, кайра иштетүү өнөр жайларына киреше берген продукцияга айланат, – деп билдирди Бакыт Төрөбаев.

«Таалай Групп» ишканасынын терини кайра иштетүү боюнча 2 заводу жылына 700-800 миң кой-эчкинин терисин кайра иштетишет. Жүздөн ашык адам эмгектенет. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында товар жүгүртүүсү 70 миллион сомго жеткен. Иштетилген терилер жана териден жасалган продукциялар Кытай, Түркия, Пакистан, Украина, Беларуссия, Индонезия, Өзбекстанга экпорттолгон. Эки заводдун жалпы баасы 4 миллион АКШ долларын түзгөн.