Ала-Бука районундагы Өкүртү айылында жаңы мектеп курулууда
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айылында жаңы мектеп салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Объектин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Быйыл жыл аягына чейин курулушту бүткөрүү пландалууда.
Башкы план боюнча мектеп 275 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Имараттын наркы 132 миллион сомду түзөт.
Курулуш-монтаждоо иштерин “АСТАС строй” ЖЧКсы жүргүзүүдө.
