«Мамлекеттик мектептерди куруу» фаза-2» долбоорун ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды
22 январь

«Мамлекеттик мектептерди куруу» фаза-2» долбоорун ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 22-январдагы жыйында «2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Мамлекеттик мектептерди куруу» фаза-2» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл аланды. 

Маалымат менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу тааныштырды. 

Анын айтымында «Мамлекеттик мектептерди куруу» фаза-2» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, макулдашуунун шарттарына ылайык 187 500 000 сауд риалын тартуу каралган. Бул 50 000 000 АКШ долларына барабар, 25 жылдык мөөнөткө, анын 5 жылы жеңилдетилген мезгилди түзөт. Жылдык пайыздык чени 1,5 %. Төлөмдөр жылына 2 жолу жүргүзүлөт.

«Кредиттик каражаттар Бишкек шаарындагы 5 жаңы мектептин жана 7 кошумча окуу корпусунун, ошондой эле Чүй облусунда 150дөн 1000ге чейинки орунга ылайыкталган 2 жаңы мектептин курулушуна багытталат. Долбоордун башталышы 2026-жылдан жана 2029-жылы аяктоо пландаштырылган. Анын ичинде объекттерди курууга эки жыл жана бир жылдык кепилдик мөөнөтү бар», - деди баяндамачы. 

Ал ошондой эле Сауд Өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган «Мамлекеттик мектептерди куруу» фаза-1» долбоорунун биринчи этабы бүгүнкү күндө ийгиликтүү аяктаганын белгилеп, анын алкагында 8060 орунга эсептелген, жалпы суммасы 30 млн АКШ долларын түзгөн 30 билим берүү мекемесинин курулушу соңуна чыкканын билдирди.