Оштогу Тээке айылында 100 орундуу бала бакча курулууда
Ош мэриясы
10 июнь

Оштогу Тээке айылында 100 орундуу бала бакча курулууда

Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгына караштуу Тээке айылындагы Мамаев көчөсүнүн №75-б дарегинде 100 орунга ылайыкталган заманбап бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат.

Мэриядан кабарлашкандай, учурда имараттын экинчи кабаты көтөрүлүп, жеринде 30дан ашык кызматкер иштеп жатат.

Аталган социалдык объект мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында курулууда.

Долбоордун алкагында бардык заманбап талаптарга жооп берген тайпалык бөлмөлөр, оюн аянтчалары жана чарбалык жайлар каралган.