Кыргызстан менен Кытай медициналык билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы, министрдин биринчи орун басары Манас Токтомуратов жана министрдин кеңешчиси Эльнура Боронбаева баштаган курамда, «Медициналык инновациялар жана кызматташтык – 2025» эл аралык форумуна катышуу алкагында Кытай Эл Республикасына иш сапарында болушту.
Форумдун биринчи бөлүгү Фанчэнган шаарында өтүп, анда Азия жана башка аймактардан келген делегаттар медициналык инновациялар, камсыздандыруу жана саламаттык сактоо системаларын санариптештирүү боюнча негизги маселелерди талкуулашты.
Түштөн кийин делегация Наньнин шаарындагы Гуанси Кытай медицина университетине барып, аталган университет менен И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун кол коюлган нускалары менен расмий алмашуу аземи болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Манас Токтомуратов сөз сүйлөп, университеттер аралык жана илимий кызматташуунун маанисине токтолду: «Бүгүнкү жолугушуу медицина жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Университеттер ортосундагы Меморандум сыяктуу демилгелер — биргелешкен билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр жана студенттер менен окутуучулар ортосундагы тажрыйба алмашуу үчүн бекем негиз болуп саналат. Бул биздин өлкөлөрдө медициналык билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун сапатын жогорулатууга чоң салым кошот».
Кол коюлган Меморандум биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууну, академиялык алмашууларды, ошондой эле салттуу кытай медицинасы жана жалпы медициналык билим берүү жаатында кызматташууну тереңдетүүнү карайт. Бул документ Кыргызстан менен Кытайдын узак мөөнөттүү гуманитардык жана кесиптик өнөктөштүккө берилгендигинин белгиси болуп саналат.
