Ош: “Парчабу Эне” бала бакчасынын курулушу быйыл бүткөрүлөт
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биймырза айылындагы “Парчабу Эне” бала бакчасын жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш-монтаждоо иштери “Темир Курулуш” ЖЧКсы тарабынан аткарылып, республикалык бюджеттен каржыланып келет.
Долбоорго ылайык 120 орунга ылайыкталган бала бакча эки кабаттан турат жана заманбап талаптарга жооп берет.
Турак жай-жарандык курулуш департаменти курулуш иштерин көзөмөлдөөдө.
