Талас облусунда жаңы бала бакча ачылды
8 апрель

Талас облусунда жаңы бала бакча ачылды

Талас облусунун Аманбаев айыл аймагында Д.Анарбеков атындагы балдар бакчасы пайдаланууга берилди, деп кабарлайт УКМКнын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР УКМК Чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин 2023-жылдын 28-ноябрында Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имаратынын ачылыш аземинде, аталган

райондо мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин эске алуу менен УКМК төрагасынын колдоосу менен 200 орундуу бала бакча куруу демилгеленген.

Бала бакчага Баткен районунун "Достук" чек ара заставасынын аскер кызматкери, 2022-жылы КР чек арасындагы куралдуу кагылышууда баатырдык менен курман болгон лейтенант Дастан Анарбековдун ысымы ыйгарылды.