Ар бир депутатка бирден студент-жардамчы берилет, – ЖКда жаңы демилге
Кыргызстанда Жаштар кеңешин түзүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков билдирди.
Ал өлкөдө 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар – жаштар болуп эсептелинерин жана учурда калктын 2,5 миллиону жаштар экенин белгиледи.
Айтымында, Өзбекстан, Казакстан жана Россияда жаштар үчүн өзүнчө мекеме иш алып барат жана алардын штаты да, бюджети да чоң. Ал эми Кыргызстанда Маданият министрлигинин алдында бир бөлүм бар – анда болгону 7 адам 2,5 миллион жаштардын кызыкчылыгын коргоого аракеттенет.
Муратбеков билдиргендей, Жаштар кеңеши түзүлсө, буга мамлекеттен каражат кетпейт. Анда негизинен ыктыярчыларга басым жасалат жана жаштардын демилгелерин колдоо, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу ж.б. иштер жасалат.
Депутат ал турмак Жаштар кеңеши аркылуу ар бир депутатка коомдук жардамчы дайындаларын да айтты.
“Жакында өзбекстандык кесиптештер менен сүйлөшүп, аларда Жаштар парламенти бар экенин уктук. Ал жакка студенттерди тандап алып, таптап, анан ар бир депутатка бирден коомдук жардамчы кылып беришет экен. Биз дагы ошентели деп жатабыз. 90 депутатка бирден жардамчы болот, бул үчүн студенттерди 2 ай окутабыз”, – деди Муратбеков.
