Өзгөндө көп функционалдуу билим берүү борборунун курулушу башталды
10 октябрь

Өзгөндө көп функционалдуу билим берүү борборунун курулушу башталды

Өзгөн районунда “Имам Сарахсий” көп функционалдуу билим берүү борборунун курулушуна расмий старт берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандынмамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз кары Закиров, ошондой эле Түркиянын өкүлдөрү жана ГАЙЭ фонду (Гюмюшханели Араштырма Йардымлашма ве Эгитим Вакфы) катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, курулуштун символикалык башталышын билдирген мезгил кутусун салышты.

“Имам Сарахсий” билим берүү комплекси Түркиянын ГАЙЭ фонду тарабынан каржыланып, заманбап талаптарга жооп берген билим берүү жана социалдык инфраструктураны өзүнө камтыйт.

"Бул билим берүү борбору жаш муунга сапаттуу диний жана светтик билим берүүнү, ошондой эле илим-билим, маданият жана тарбия багытында кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү максат кылат", - деп айтылат маалыматта.