Бишкекте дээрлик 2 миң окуучуга ылайыкталган мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө
Курулуш министрлиги тарабынан Бишкек шаарындагы №5 профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи 44 жылдан кийин толук капиталдык оңдоодон өтүүдө.
Ведомстводон кабарлашкандай, бектеп-лицей 1900 окуучуга ылайыкталып, төрт блоктон турат. Үч кабатуу окуу корпус, жыйындар жана спорт залы бар. Мектептин жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзөт.
Окуу жылдын башталышына карата жаңылоо иштерин бүткөрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, мектеп 1980-жылы жатаканасы менен курулуп, андан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
