Кыргызстан боюча дээрлик 1,2 миң бала бакчада видеокамералар орнотулду
Кыргызстан боюнча 1 871 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын ичинен 1 186 бала бакчада (63,4%) видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Баткен облусунда 81 бала бакчада,
- Ош облусунда – 369,
- Ош шаарында – 51,
- Жалал-Абад облусунда – 230,
- Чүй облусунда – 79,
- Бишкек шаарында – 115,
- Ысык-Көл облусунда – 87,
- Нарын облусунда – 121,
- Талас облусунда – 53 бала бакчада видеокамералар коюлду.
Калган 685 бала бакчада да видеокамераларды тез арада орнотуу талап кылынууда. Ушундан улам Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылып, бала бакчаларда коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында видеокамераларды орнотууну сунуштады.
