“Акылман” Президенттик лицейинин окуучулары Иран геометрия олимпиадасынан (IGO) 2 медалга ээ болушту
19 декабрь

“Акылман” Президенттик лицейинин окуучулары Иран геометрия олимпиадасынан (IGO) 2 медалга ээ болушту

2025-жылдын 17-октябрында Эл аралык статуска ээ болгон престиждүү Иран геометрия олимпиадасы (IGO) өткөрүлдү. 7-12-класстагы окуучулардын арасында өткөрүлгөн олимпиадага быйыл 70тен ашык мамлекет катышты.

Олимпиада дистанциондук форматта өткөрүлгөндүктөн, ага олимпиада “Акылман” Президенттик лицейинин 7-8-класстагы окуучулары да junior лигасында катышып, жыйынтыгында, 8-класстын окуучулары Абдигапаров Баязет коло медалга жана Ахунбаев Алихан күмүш медалга ээ болду.

Иран геометрия олимпиадасы (IGO) дүйнө жүзүндөгү окуучуларга татаал геометриялык маселелерди төрт деңгээлде чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Конкурстун алкагында маселелерди чечүүдө чыгармачылык мамилеге, логикалык ой жүгүртүүгө жана геометриялык концепцияларды терең түшүнүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

IGO көптөгөн окуучулардын геометрия боюнча билимин бир топ жакшыртты, анүстүнө ал математиканын ажырагыс бөлүгү, ошондой эле инженерия, архитектура, физика, информатика сыяктуу багыттарда чоң роль ойнойт.