Кыргызстанда 200дөн ашык диний окуу жайы иштейт
Кыргызстанда 200дөн ашык диний окуу жайы иштейт. Бирок алардын көбүндө билим берүүнүн сапаты жетиштүү деңгээлде эмес. Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган 2027–2030-жылдарга карата «Кыргыз жараны» жарандык биримдигин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоорунда айтылат.
Документте диний билим берүүдө бирдиктүү стандарттардын жоктугу жана айрым учурларда диний билим берүүнүн жашы жете электерге багытталып жатканы белгиленген.
Программанын авторлору диний билим берүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү, бирдиктүү талаптарды иштеп чыгууну, окутуучулардын квалификациясын жогорулатууну жана диний окуу жайлардын окуучуларын өлкөнүн коомдук турмушуна интеграциялоого көбүрөөк көңүл бурууну сунушташкан.
Ошондой эле мектептерде окутулуучу «Дүйнөлүк диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин мазмунун жана окутуу усулдарын кайра карап чыгуу сунушталууда.
