Өзгөн районунун Кеңеш айылындагы мектепке жаңы имарат курулууда
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кеңеш айылында №43 И.Базаркулов мектебинин жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Курулуш иштер республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 203 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча мектеп 275 орунга ылайыкталып, эки кабатуу окуу корпусу спорт залы менен салынат. Объекттин жалы аянты 3518 чарчы метрди түзүп, курулуш-монтаждоо иштери курулуш нормалардын негизинде аткарылууда.
Азыркы тапта мектептин биринчи кабаты тургузулду.
Белгилей кетсек, эски мектеп 1977-жылы курулган.
