Курулуш министрлиги
10 март
Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин курулуш этабы менен таанышты.
Ведомстводон кабарлашкандай, алардын бири борбор калаанын Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсү 1 дарегинде курулуп жатат. Долбоорго ылайык, билим берүү мекемеси бардык заманбап шарттар менен үч кабаттуу болуп салынат. Бүгүнкү күндө курулуш иштери этап-этабы менен кызуу жүрүп жатат.
Министр курулуш иштери менен таанышып, объектинин сапатына жана берилген мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп курулуп жатат.
