Эдил Байсалов: Мугалимдердин 15–20% жумуштан алыш керек
25 ноябрь

Эдил Байсалов: Мугалимдердин 15–20% жумуштан алыш керек

Кыргызстандын мектеп системасын реформалоо зарыл. Мындай пикирин өлкөдө жаңы ачылган Nomad телеканалынын эфиринде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. 

Ал билим берүүнүн сапатына эмес, мектептердин курулушуна өтө көп көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.

"Мен мектептерди кыдырдым, директор: "Мына чатыр, мына имарат, мына биз куруп жаткан жер" деп кайталап жатты. Бирок мени сиздердин - мугалим менен окуучунун ортосунда эмне болуп жатканы кызыктырат. Ушул жылдар бою биз билим берүүнү өнүктүрбөй, мектептерди куруп келдик. Биз 800гө жакын керексиз, бош мектеп курдук", - деди Байсалов.

Ал мектеп системасын үзгүлтүксүз жаңыртып туруу керектигин баса белгиледи:

"Окуу программалары, методология жана окутуу философиясы - баары өзгөрүп жатат. Билим берүү процессине катышкандар өзгөрүшү керек. Кечээ мен министр Кендирбаев менен сүйлөшүп, мындай дедим: сиз алсыз мугалимдердин 15-20%ын аныктап, аларды жумуштан кетиресиз. Ооба, мугалимдердин жетишсиздиги бар, бирок мурдагы журналисттерди кошкондо, 50-60 миң сом айлык акы менен жаңы адистерди чакырган жакшы".

Байсаловдун айтымында, мындай чаралар билим берүүнү модернизациялоо жана мектеп системасын заманбап талаптарга даярдоо үчүн зарыл.