Чүй облусундагы 1,4 миң орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө
9 июль

Чүй облусундагы 1,4 миң орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы мектепте толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

2025-жылдын 8-июлунда аталган мектепке Турак жай жарандык курулуш департаментинин директору Ислан Момоконов жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.

Белгилей кетсек, мектептин биринчи окуу корпусу 1964-жылы, экинчи корпусу 1984-жылы курулган. Жалпы 1400 орунга ылайыкталган билим берүү мекемесинде учурда 1200дөн ашуун окуучу билим алып келет.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, тендердик баасы 173,6 млн сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө оңдоо иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү, жыл аягына чейин мектепти толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.