«Google мектеп» пилоттук долбоорунун жыйынтыктары чыгарылды
24 май

«Google мектеп» пилоттук долбоорунун жыйынтыктары чыгарылды

  • 2025-жылдын 23-майында Бишкек шаарындагы №35 жалпы билим берүүчү орто мектепте «Google мектеп» пилоттук долбоорунун жыйынтыктары чыгарылды.

  • Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева, Google жана iCORE компанияларынын расмий өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жана окуучулары катышышты.

  • Долбоордун максаты — Google'дун санариптик чечимдерин кадимки мектеп шартында сыноо жана анын билим берүүнүн сапатына, санариптик сабаттуулукка жана окуучулардын жигердүүлүгүнө тийгизген таасирин баалоо болгон.

  • Сүйлөгөн сөзүндө Эдиль Байсалов төмөнкүлөрдү белгиледи:

  • «Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биз “Google-класс” деген эмне экенин практикалык түрдө сынап көрүүнү чечтик. Эгерде сиз АКШ, Европа, Япония жана башка көптөгөн өлкөлөрдөгү мектептерге көз чаптырсаңыз, аларда Google-класстар жана хромбуктар кеңири колдонулат. Бул пилоттук долбоордун жыйынтыктары биздин өлкөдөгү алдыңкы билим берүү уюмдарына да жайылтылат».

  • Министрдин орун басары Лира Самыкбаева долбоорго катышкандарды бул маанилүү окуя менен куттуктап, төмөнкүлөрдү билдирди:

  • “Биз бул жерде академиялык жылдын жыйынтыгын чыгарып жатабыз, бирок чыныгы башталышы эми болду. Бардык жабдуулар мектепте калат жана окуучулар тарабынан мындан ары да колдонулат. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында биз буфл демилгени башка мектептерге жайылтууда эске алышыбыз керек болгон көптөгөн маанилүү жагдайларды – электр жабдууларынын күчөтүлүшүнөн баштап класстык мейкиндикти уюштурууга чейинки талаптарга чейин аныктадык”.

  • Сөзүн жыйынтыктап жатып, Л. Самыкбаева долбоорго активдүү катышкан бардык өнөктөштөргө жана катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

  • Маалымат үчүн:

  • Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Google for Education, MUGALIM EDU, Taalim Forum, iCORE жана Centerm компанияларынын колдоосу менен ишке ашырылды.

  • Башталышы — 2024-жылдын июль айы, узактыгы — 1 окуу жылы.

  • №35 мектеп жабдуулар менен камсыздалды:

  • 100 Chromebook — “Бишкек ЭВМ заводу” (Centerm өкүлү) тарабынан берилген;
  • 168 ноутбук — Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген.
  • Долбоор алкагында аткарылган иш-чаралар:

  • 7–11-класстын окуучулары жана мугалимдери Google Workspace for Education платформасы боюнча окутулду;
    12 мугалим жана 2 окуучу Google Certified Educator (Level 1) сертификаттык экзаменин ийгиликтүү тапшырды;
    3 этаптан турган окуу тренингдери өткөрүлдү;
    Жыйынтыктоочу аналитикалык отчеттун негизин түзө турган маалыматтар жана байкоолор чогултулду.