КМТУнун студенттери Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде татыктуу таанытууда
22 январь

КМТУнун студенттери Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде татыктуу таанытууда

2026-жылдын 21–23-январында Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында дүйнөдөгү эң престиждүү эл аралык инженердик мелдештердин бири – Shell Eco-marathon өтүүдө.

Бул мелдеш туруктуу өнүгүү, энергияны үнөмдөө жана келечектеги транспорт технологияларын өнүктүрүүгө багытталган.

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин инженер-студенттери @kstu.racing.team энергоэффективдүү унааны өздөрү долбоорлоп, өз колдору менен куруп, бул абройлуу мелдешке Кыргызстан атынан биринчи жолу катышууда.

Команда дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин студенттери менен тең ата таймашып, кыргыз инженердик билим берүү мектебинин жогорку потенциалын көрсөтүүдө.

Өзгөчө сыймык – команданын капитаны Нурбекова Айдана.

Команданы кыз баланын жетектеп жатышы — бул инженерия тармагында лидерлик, кесипкөйлүк бекем орноп жатканын көрсөткөн маанилүү мисал. Бул көрүнүш Кыргызстандагы жаштарга, айрыкча кыздарга, илим менен технологияда чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин далилдейт.