“Ас-Салам” фонду тарабынан салынган мектеп боюнча министрликтин түшүндүрмөсү
22 январь

“Ас-Салам” фонду тарабынан салынган мектеп боюнча министрликтин түшүндүрмөсү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги “Ас-Салам” тарабынан курулуп, бирок чатырынын бир бөлүгү урап түшкөн жаңы мектеп боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Миң-Булак айылында жайгашкан 150 орундуу Ислам Касмалиев атындагы жаңы мектептин курулушу 2023-жылы башталган. Аталган объект “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду тарабынан салынып, курулуш иштерин “Энержи-Нур строй” ЖЧКсы жүргүзгөн.

Белгилей кетсек, жаңы мектеп пайдаланууга бериле элек. Себеби курулуштун соңку этабы, тактап айтканда чатырды орнотуу иштери Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы (мындан ары Башкармалык) тарабынан кабыл алынган эмес.

Буга чейин башкармалык тарабынан “Энержи-Нур строй” ЖЧКсына карата мектептин курулушу боюнча бир нече жолу эскертүү берилген.

2026-жылдын 18-январына караган түнү калың жааган кардын кесепетинен мектептин чатырынын бир бөлүгү урап түшкөн.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Энержи-Нур строй” ЖЧКсына карата башкармалык тарабынан жазуу туүрүндө эскертүү берилип, калыбына келтирүү талабы коюлган. Бүгүнкү күндө аталган компания тарабынан мектептин чатыры толук калыбына келтирилди. Ал эми “Энержи-Нур строй” ЖЧКсына 200 000 сом айып салынды. Мындан сырткары компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат.

Алдыда жаңы мектепти кабыл алуу боюнча тиешелүү органдар тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, оң корутунду берилгенден кийин гана Ысык-Көл регионалдык архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан объект расмий пайдаланууга берилет.