Сүрөт ачык булактардан алынды
22 сентябрь
Базар-Коргондо чет өлкөдө жүргөн окуучуларга мыйзамсыз диплом жана аттестат берилген
Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, №52 кесиптик лицейинин жооптуу кызмат адамдары 2024–2025-жылдары чет мамлекеттерде жүргөн 10 окуучуну окуу процессине катышкан катары көрсөтүп, тиешелүү документтерди жасалмалап, аларга окуу жайын бүтүргөндүгүн тастыктаган аттестат жана дипломдорду мыйзамсыз беришкендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
