Бишкек: №55 мектепке 1200 орундуу кошумча корпус курулат
Президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектептин курулушу башталууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Президенттин тапшырмасын ишке ашыруу максатында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен аталган объектилердин курулушу жана долбоордук документтери менен таанышып чыкты.
Алсак, Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Гагарин көчөсү 166 дарегиндеги №55 орто мектепке 1200 орундуу окуу корпусу курулат.
Бүгүнкү күндө долбоордук-сметалык документтери даярдалып, курулуштун алгачкы этабы башталуу алдында турат.
Белгилей кетсек, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
