КМТУ жана Австриянын Леобен тоо-кен университети кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюшту
25 ноябрь

КМТУ жана Австриянын Леобен тоо-кен университети кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюшту

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулган кыргыз-австриялык биргелешкен Жумушчу топтун биринчи жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында инновациялык технологиялар, геология, тоо-кен иштери жана анын ичинде сейрек кездешүүчү элементтерди камтыган пайдалуу кендерди кайра иштетүү боюнча кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Бул жыйынга И. Раззаков атындагы КМТУ төмөнкү өкүлдөр менен катышты:

• Арстанбек Раимбекович Абдиев, академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунун директору, техника илимдеринин доктору, профессор;
• Ринат Бакытович Бакытов, КМТУнун Эл аралык бөлүмүнүн башчысы.

Жумушчу топтун расмий бөлүгү аяктагандан кийин сүйлөшүүлөр Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинде уланды.

Ал жерде менен Австриянын Леобен тоо-кен университети (Montanuniversität Leoben) ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга расмий түрдө кол коюлду.

Иш-чараны Илим, жогорку билим жана инновациялар министринин орун басары Нурлан Омуров ачып, инженердик билим берүүнү, геология жана тоо-кен тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

КМТУнун атынан документке ректор Мирлан Койчубекович Чыныбаев кол койду. Ал Леобен тоо-кен университети менен түзүлгөн өнөктөштүк биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга, студенттик жана академиялык алмашууга, ошондой эле КМТУнун лабораториялык инфраструктурасын жакшыртууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын билдирди.

Бул Меморандум эки өлкө ортосундагы илимий-билим берүү кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, КМТУ менен Леобен тоо-кен университетинин ортосунда туруктуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизин түзөт.