КММАда россиялык кесиптештердин колдоосу менен Тамактануу институтун түзүү маселелери талкууланды
И.К. Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына иш сапары менен Москвадан — медицина илимдеринин кандидаты, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы ФГБУН «Тамактануу жана биотехнологиялар боюнча илимий-изилдөө борбору» Денисова Наталья Николаевна келди.
Иш сапардын максаты – кыргыз кесиптештерге Тамактануу институтун ачуу жана өнүктүрүү маселелеринде методикалык жана эксперттик жардам көрсөтүү, ошондой эле бул чөйрөдө илимий-илим-билим берүү кызматташтыгын орнотуу болду.
Жогорку коноктун сапарын окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, ошондой эле проректорлор Ниязьек Маматов жана Гүлмира Джумалиева тосуп алышты. Жолугушуу учурунда Тамактануу институтун түзүүнүн уюштуруучулук жана илимий аспектилери, биргелешкен изилдөөлөрдү жана адистерди даярдоону өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
