Элчи Азербайжанда Кыргызстан тарабынан курулуп жаткан мектептен кабар алды
13 декабрь

Элчи Азербайжанда Кыргызстан тарабынан курулуп жаткан мектептен кабар алды

Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжанда Кыргызстан тарабынан курулуп жаткан мектептен кабар алды, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, 12-декабрда элчи Агдам районуна иш сапары менен барды.

Хыдырлы айылына болгон сапардын жүрүшүндө Элчи Азербайжандын боордош элине Кыргыз Республикасынын белеги болгон жалпы билим берүү мектебинин курулушунун аяктоочу этабы менен таанышты.

Курулуштун аякташы жана объекттин тапшырылышы 2025-жылдын январь айынын аягына чейин күтүлүүдө.

Сапардын жүрүшүндө элчи ошондой эле Азербайжан Республикасынын президентинин Агдам району боюнча Атайын өкүлү Эмин Гусейнов менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган маданий-гуманитардык, билим берүү жана туристтик долбоорлорду ишке ашырууну камтыган мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды.

Ошол эле күнү Элчи Кяльбадар районуна барып, президент Садыр Жапаров белек кылган топоздор багылып жаткан фермага барды. Бүгүнкү күндө топоздордун саны 205 башка жетти.