Окуучулар күзгү каникулга качан тарай турганы айтылды
Кыргызстандын мектептеринде 2025–2026-окуу жылынын биринчи чейреги 4-ноябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, ошону менен катар окуучулар үчүн күзгү эс алуу мезгили 5–9-ноябрь күндөрүнө белгиленди.
Министрлик күзгү каникул маалында окуучуларга пайдалуу жана коопсуз эс алуу каалайт.
