Кыргызстан менен ИӨБ ортосундагы Smart-Ed долбоору боюнча макулдашуулар ратификацияланды
1 август

Кыргызстан менен ИӨБ ортосундагы Smart-Ed долбоору боюнча макулдашуулар ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИТӨФ/БМГӨ биргелешкен Smart-Ed долбоору” боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

ИӨБ/ИӨТФ/БМГӨ Smart-Ed биргелешкен долбоору инклюзивдик сапаттуу билим берүүнүн инфраструктурасына жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, инклюзивдик билим берүүнү киргизүү үчүн системанын потенциалын бекемдөөгө, мугалимдерди даярдоого жана кайра даярдоого жана аларды жеке ноутбуктар менен камсыздоого, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жана анын сапатына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында улуттук компоненттин окуу-методикалык комплекстерин жаңылоого жана аларды тираждоого багытталган.

Долбоорду каржылоо:

  • билим берүү максатында Глобалдык өнөктөштүктөн грант – 15 млн АКШ доллары;
  • Ислам өнүктүрүү банкынан грант – 250 миң АКШ доллары;
  • Ислам өнүктүрүү банкынан/Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунан кредит – 10 млн АКШ доллары.

Долбоордун жалпы суммасы 25,25 млн АКШ долларын түзөт, пайыздык ставкасы 1,5 %, каржылоо мөөнөтү 25 жыл, анын ичинен 7 жыл – жеңилдетилген мезгил.

1,06 млн АКШ доллары өлчөмүндө мамлекеттин кошо каржылоосу салыктар жана жыйымдар түрүндө каралат (долбоорго жалпы наркы 76310000 АКШ доллары).