Агартуу министрлиги: Кыргызстанда мектеп формасы классикалык стилге ылайык болушу керек
Биринчиден, ченемдик талаптар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтому менен окуучулар үчүн мектеп формасына карата Бирдиктүү талаптар бекитилген. Аталган токтомго ылайык, мектеп формасы классикалык стилде тигилиши жана аба ырайынын шарттарына, сабак өтүлүүчү жайга, ошондой эле окуу жайларындагы температуралык режимге ылайык келиши керек.
Белгилей кетүүчү жагдай, бирдиктүү мектеп формасы жөнүндө нормативдик укуктук актты иштеп чыгууда бардык кызыкдар тараптар – ата-энелер, окуучулар, эксперттер жана коомчулуктун башка өкүлдөрү тартылган.
Эске салабыз, балдар үчүн мектеп формасы бир түстөгү (кара, боз, кочкул көк же кочкул кызыл) кездемеден тигилген жилет, шым жана пиджактын каалаган айкалышын камтыйт. Кыздар үчүн блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук жана пиджак сунушталат, алар бир түстөгү же торчо (клетка) кездемеден болушу мүмкүн.
Көйнөк: ак, агыш-боз, ачык-көгүш, ачык-саргыч түстө болсо болот.
Социалдык жактан аяр катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы милдеттүү түрдө сатып алууга мажбурлоо мыйзамсыз экенин белгилейбиз. Мындай учурларда балага «үстү ачык түстө, асты кочкул түстө» деген талапка ылайык форма менен камсыз кылууга жол берилет.
Экинчиден, тартип жана ишкердик атмосфера. Классикалык стиль ишке багытталган шарт түзүп, окуучуларды окуу процессине жөндөйт жана мектеп тартибин сактоого көмөктөшөт.
Үчүнчүдөн, окуучулардын теңдиги. Бирдиктүү жана токтоо форма балдардын ортосундагы социалдык айырмачылыктарды азайтып, кийим-кечеге байланыштуу атаандаштыкты жана материалдык абалга жараша басымды алдын алат.
