Ош шаарындагы А. Масалиев атындагы мектеп пайдаланууга берилди
Бүгүн, 25-февралда Ош шаарындагы №7 А. Масалиев (Н. Нариманов) атындагы жалпы билим берүү мекемеси капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү жетекчилер, мугалимдер жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
Салтанаттын алкагында мектеп имаратынын алдына мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин эстелиги орнотулду. Ошондой эле билим берүү мекемесинин имаратынын сырткы фасады, терезелери жана эшиктери толугу менен жаңыланды.
Белгилей кетсек, 2025–2026-окуу жылына карата аталган мектепте 134 класс-комплект ачылып, учурда 4615 окуучу билим алууда. Кыска мөөнөттө жүргүзүлгөн оңдоо иштери мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдап, окуучулар үчүн коопсуз, жылуу жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
