Кожомкулова: Мугалимдер массалык түрдө жумуштан кетүүдө, бала бакчаларда бөбөктөр тынч уктай албай жатышат, а мэрия үчүн баары сонун 
16 сентябрь

Кожомкулова: Мугалимдер массалык түрдө жумуштан кетүүдө, бала бакчаларда бөбөктөр тынч уктай албай жатышат, а мэрия үчүн баары сонун 

Депутат Гуля Кожомкулова Бишкек мэриясын көйгөйлөр ачык көрүнүп турса да, дайыма “баары сонун” деп айтып, чындыктан качууга аракет жасаарын белгиледи. 

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелер боюнча комитети бүгүн КР Акыйкатчылыгынын 2024-жылдагы жасаган иштери тууралуу отчетун укту. 

“Айрыкча, Бишкекте мугалимдер массалык түрдө иштен кетишти. Сиздер бул маселеге көңүл буруп көрдүңүздөрбү? Тийиштүү кызматтардан: мэриянын билим берүү борборунан, Агартуу министрлигинен сурадыңыздарбы? Эмнеге мугалимдер жетишпесе, пенсионерлерден жана башкалардан турган резервди колдонушпайт? Балдар жабыркашы керек эмес да”, – деди Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып. 

Бул суроого вице-мэр Виктория Мозгачева жооп берди. Ал баары жакшы экенин белгилеп, мугалимдердин таңкыстыгы да, массалык иштен кетүүлөр болбогонун да белгиледи. 

“10-15 мугалим иштен кетти деген бул сентябрь айында болгон нерсе эмес. Бул жалпы жай айларындагы көрсөткүч. Ар кимде ар кандай кырдаал бар, бири ден соолугуна, бири башка жакка көчкөнүнө байланыштуу иштен кетет. Каалаган учурда жумуштан кетүүгө ар бир адам укуктуу”, – деди ал. 

Кожомкулова мугалимдердин массалык түрдө иштен кетишине эмгек жамаатындагы конфликттер себеп болуп жатканын жана бул ММКларга чыкканын эске салды. 

“Бир же эки эмес, он, он беш мугалим кетип атат. Система жабыркап жатат, бул бир. Экинчиден, эмнеге алдын ала аныктоо жасалбайт? Кайсы мугалим пенсия курагына келип калды, сентябрда пенсияга кетет, кайсы мугалим иштен чыгат – сентябрга калтырбай, алдын ала такталса болбойбу. Бүгүнкү күндө мугалим жетишпей жатат, бул биздин балдардын, коомдун маселеси. Мэрия дайыма мектеп боюнча, нөөмөт боюнча маселе жок дейт. Бирок ата-энелер 7-8 жаштагы балдар 2-сменде окуп жатканын, бала бакчаларга жайгаштырылган башталгыч класстар бөбөктөрдүн режимине тоскоолдук жаратып жатканын айтышууда. Бөбөктөр уктай турган кезде башталгыч класс окуйт, ызы-чуу жаралат. Мунун баары балдардын укугунун бузулушу эмеспи”, – деди депутат. 

Мозгачева кайрадан баары жакшы экенин белгиледи. Айтымында, педагогдордун вакансиясы Бишкекте 5 пайыздан көп эмес. Ал эми эмгек жамааттарда эч качан конфликт болгон эмес. 

“Силерде баары дайыма сонун”, – деди анда Гуля Кожомкулова.