Кудайберген Базарбаев Япониянын элчиси жана Улуттук саясий изилдөөлөр институтунун өкүлдөрү менен жолукту
4 март

Кудайберген Базарбаев Япониянын элчиси жана Улуттук саясий изилдөөлөр институтунун өкүлдөрү менен жолукту

3-мартта Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин (мындан ары – Агенттик) директору Кудайберген Базарбаев Япониянын Улуттук саясий изилдөөлөр институтунун аткаруучу вице-президенти, деканы доктор Масуяма Микитака жана Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Года мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик башкаруу тармагында кызматташуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле Япониянын жогорку окуу жайларында кыргызстандык адистердин билим алуусун кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Мындан сырткары, жолугушууда билим берүү программаларын өнүктүрүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана эки өлкөнүн мамлекеттик башкаруу системасын терең изилдөө боюнча кызматташтыкты чыңдоо маселелери көтөрүлдү.

Доктор Масуяма өз сөзүндө Улуттук саясий изилдөөлөр институту Япониянын мамлекеттик башкаруу жаатында алдыңкы окуу жайларынын бири экенин белгилеп, анын "Жаш Лидерлер" (Young Leaders Program) программасы кыргызстандык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге жогорку деңгээлде билим алууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Года мырза билим берүү жана кесиптик даярдоо тармагында эки тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, Япония Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар келечектеги кызматташтыкты тереңдетүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти. Тактап айтканда, "Жаш Лидерлер" программасынын ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыздоо жана кыргызстандык адистер үчүн квоталык орундарды көбөйтүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу макулдашылды