Депутат Элвира Сурабалдиева билим берүү үчүн пайызсыз кредиттерди киргизүүнү сунуштады
ЖК КРнин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Улуттук банктын өкүлдөрүнө студенттерге жеңилдетилген билим берүү кредиттерин берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Ал быйыл ЖОЖдордо окуу акысы бир кыйла кымбаттаганын белгилеп, көптөгөн жаш кырызстандыктар жардам сурап кайрылып жатканын айтты.
Анын айтымында, студенттерди колдоо маанилүү, пайда гана жөнүндө ойлобош керек.
