Сергей Волков КРСУнун ректору болуп шайланды
27 июнь

Сергей Волков КРСУнун ректору болуп шайланды

Сергей Волков Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору болуп шайланды.

Окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришкендей, анын талапкерлиги үчүн  КРСУнун Башкаруу кеңешинин 12 мүчөсү тең добуш берген.

Кеңешке Кыргызстан менен Россиядан 6 өкүл кирет. Кеңештин төрагасы — Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский.

С.Волковдон тышкары КРСУнун ректорлугуна чет тилдер кафедрасынын башчысы Марина Юрченко жана Марат Кудайкулов арыз беришкен.

Белгилей кетсек, Сергей Волков 2024-жылдын октябрынан бери ректордун милдетин аткарып келген.