Президент Караколдогу №11 балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты
1 ноябрь

Президент Караколдогу №11 балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы №11 балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты.

Имарат 1972-жылы муниципиалдык балдар бакчасы катары курулуп, 1991-жылы банк болуп кайра түзүлгөн. 2025-жылы Президенттин Иш башкармасы тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, мекеме заманбап шарттарга ылайык толук жаңыланды.