«Окуу китеби» басма үйүнө» директор дайындалды
7 апрель

«Окуу китеби» басма үйүнө» директор дайындалды

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору кызматына Айнура Чокморова дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Билим берүү жана илим министрлигинин конкурстук комиссиясынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 2 протоколунун негизинде А. Чокморова 6 айлык сыноо мөөнөтү менен 2025-жылдын 3-апрелинен тартып «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору кызматына дайындалды.

А. Чокморова буга чейин билим берүү жана илим министринин жардамчысы болуп иштеп келген.