Кыргызстан жана Япония мамлекеттик кызматкерлердин билимин өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты улантууда
8 февраль

Кыргызстан жана Япония мамлекеттик кызматкерлердин билимин өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты улантууда

2025-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору К.Б. Базарбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэки мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоого багытталган “Кызматкерлерди даярдоо үчүн стипендияларды берүү” (JDS) долбоорун талкуулашты. Стипендиаттарды тандоо, окуунун категориялары жана Японияда алган билимин Кыргызстанга кайтып келгенден кийин колдонуу маселелери негизги талкуу предмети болду.

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык кызматташтык макулдашуусунун негизинде ишке ашырылып, мамлекеттик кызматкерлерге Япониянын университеттеринде магистрдик (19 квота) жана докторантуралык (1 квота) билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Долбор башталгандан бери жалпы 307 кыргызстандык мамлекеттик кызматкер бул программа боюнча билим алган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024-жылдын 12-июлунда “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоорунун алкагында Япония Өкмөтүнүн гранттык жардамы жөнүндө макулдашууну жактырган. Ага ылайык, 2025-2027-окуу жылдарына 19 магистрант жана 2025-2028-окуу жылдарына 1 докторант даярдалат. Бул максатта Япония Өкмөтү 342 миллион япон йени (2,14 млн АКШ доллары) өлчөмүндө грант бөлүүдө.

Бул кызматташтык Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык потенциалды жогорулатууга жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө чоң салым кошот.