Депутат Сузак районундагы айылдын 90 пайыз үйү “сноско” кетээрин айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Акимбаева Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда кызыл китеби бар үйлөрдүн жарымы бузулууга туш келгенин билдирди.
Айтымында, аталган райондун Кыз-Көл айылындагы бир катар тургундардын үйү көчөнүн кеңейишине байланыштуу бузула турган болууда.
“Айыл өкмөт башчысы тургундарга келип, өз каалоолору менен үйлөрүн бузушун айтыптыр. Эгерде өздөрү бузбаса, анда айыл өкмөттүн күчү менен бузулат экен. Ошондо кызыл китеби бар үйлөрдүн 90 пайызы бузулат”, – деди Акимбаева.
