Социалдык келишим алып берүү шылтоосу менен акча талап кылган жаранга карата кылмыш иши козголду
9 июнь

Социалдык келишим алып берүү шылтоосу менен акча талап кылган жаранга карата кылмыш иши козголду

2025-жылдын сентябрь айында Баткен районунун 48 жаштагы тургуну У.Т. аттуу жаран Баткен районунун 27 жаштагы тургуну А уулу З. жана анын жубайы А. кызы М.га алардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн Баткен райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан берилүүчү 150 000 (бир жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү социалдык келишимди алып берүүнү убадалаган.

Ал эч бир мекеме-ишканада расмий кызматкер катары иштебегенине карабастан, керектүү документтерди чогултуп берип, аталган акча каражатын алып берүү үчүн бир нече жарандан 20 000 (жыйырма миң) сомдон акча талап кылып алгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча У.Т. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Шектүү У.Т. Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип камака алынган.