«Кыргызмамжердолбоорлоо» ишканасы өз каражатына 8 кызматтык унаа сатып алды
КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы өз каражатына JAC T8 үлгүсүндөгү 8 даана кызматтык унааны сатып алды.
Сатып алынган унаалар мекеменин борбордук аппаратына жана облустардагы бардык филиалдарына бөлүштүрүлдү. Бул кадам ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, аймактардагы иштердин ыкчамдуулугун камсыздоого жана кызматкерлердин талаа шартында иш алып баруусуна ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Ишкана чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иш алып барат. Анын негизги милдеттерине жерге жайгаштыруу, картографиялык, кыртыштык, агрохимиялык, геоботаникалык жана башка изилдөө иштерин жүргүзүү, ошондой эле жер кыртышын жана өсүмдүк үлгүлөрүн талдоо кирет.
