Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо. №2 гидроагрегатты демонтаждоо иштери уланууда
25 февраль

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо. №2 гидроагрегатты демонтаждоо иштери уланууда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин иштешинин натыйжасында Үч-Коргон гидроэлектростанциясын модернизациялоо долбоорунун (Пакет-2) алкагында жаңыртуу иштери пландуу түрдө уланууда. Башкы подрядчы CNEEC жана субподрядчы WanFang компаниясынын катышуусунда аткарылып жаткан бул долбоор, Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө маанилүү кадам болуп саналат.

Учурда аянтта 44 адис жана завод-даярдоочунун өкүлдөрү иштеп жатат. Жумуштар белгиленген графиктерге жана технологиялык талаптарга ылайык №2 гидроагрегатты демонтаждоо жана жабдууларды жеткирүү иши жүрүп жатат.

Негизги этаптар:

• №2 гидроагрегатты демонтаждоо: Станциянын жабдууларын жаңылоонун алгачкы кадам катары №2 гидроагрегат демонтаждоо иштери уланууда. Бул жумушка 19 адис тартылган.

• Жабдууларды ревизиялоо жана утилдештирүү: Демонтаждоодон өткөн түйүндөр жана агрегаттар ревизияланып, кийин утилдештирүү үчүн кампага ташуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

• Инженердик жана долбоордук иштер: Долбоордук документтерди иштеп чыгуу, Өндүрүштүк иштердин планын даярдоо, графиктерди түзүү, техникалык материалдарды которуу жана аткаруучу документтерди тариздөө боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

Жабдууларды жеткирүү:

Каскад Таш-Көмүр ГЭСинин кампасына №2 гидроагрегат үчүн жаңы жабдуулардын компоненттери келип түшүүдө.

Атап айтканда:

• Генератордун статору, ротору, башкаруу, мониторинг, электрдик коргоо, суу менен муздатуу жана жерге туташтыруу системалары үчүн комплектөөчүлөр толугу менен жеткирилди.

• Суу өткөргүчтүн таштанды тоскуч торчолорун жеткирүү аяктады.

• Генератордун компоненттери жана жумушчу дөңгөлөк жарым-жартылай жеткирилди.

• №2 гидроагрегат үчүн жабдууларды жеткирүүнүн жалпы деңгээли 47,3%ды түзөт.

Долбоордун максаты:

Үч-Коргон ГЭСиндеги модернизация долбоорунун негизги максаты – электр энергиясын өндүрүүнүн ишенимдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу, жабдуулардын иштөө мөөнөтүн узартуу. Бул долбоор Кыргызстандын энергетика коопсуздугун камсыздап, экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.