Ысык-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген конок үйү мамлекетке кайтарылды
Башкы прокуратура
2 июль

Ысык-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген конок үйү мамлекетке кайтарылды

Ысык-Ата курортунун аймагындагы мыйзамсыз менчикке берилген конок үйүнүн имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. 

Ысык-Ата райондук прокуратурасынан кабарлашкандай, жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2005-жылы Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан 5 кабаттуу жалпы аянты 2128,48 ч.м. түзгөн конок үйүнүн имараты жана ага чектеш 0,10 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгы менен жалпы баасы 112 миллион сомду түзгөн конок үйүнүн имараты жана ага чектеш жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.