Мэр жолду булгаган айдоочуларга катаат чараларды көрүү тапшырмасын берди
20 июль

Мэр жолду булгаган айдоочуларга катаат чараларды көрүү тапшырмасын берди

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана кызматкерлерине жыйын өткөрүп, шаардын жолдорун булгаган айдоочуларга чараларды көрүү боюнча тапшырма берди.

Шаар башчысы тазалыктын жумушчулары күнү-түнү көчөлөрдү тазалап жаткандыгын, ошол эле учурда алардын эмгегин баалабаган айдоочулар жүк ташуучу унааларына кум, шагыл, топурактарды белгиленген өлчөмдөн көп жана үстүн ачык жүктөп, жолдорду булгап жаткандыгын белгиледи.