Кыргызстан менен Пакистан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында кызматташат
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 13-февралда Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жаатында кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Министр Бообек Ажикеев Пакистандын дары-дармек өндүрүү тармагындагы жетишкендиктерин жана продукциясынын сапатын белгилеп, шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жаатында да олуттуу тажрыйбага ээ экенине токтолду.
Ошондой эле, куткаруучулар арасында тажрыйба алмашууну уюштуруу, тик учак пилоттору үчүн жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө багытталган окутууларды өткөрүү, ӨКМдин Апааттык медицина кызматын дары-дармек менен камсыз кылуу, кызматкерлердин кесиптик тажрыйбаларын өркүндөтүү жаатында сунуштарын айтты.
Өз кезегинде элчи Алтамаш Вазир Хан Кыргызстандын тоолуу жаратылышына жана кооздугуна суктанарын белгиледи. Ал өзгөчө кырдаалдар катталган учурда шашылыш медициналык кызмат көрсөтүү үчүн дары-дармек менен камсыздоо маселесинде климаттык шарттарды эске алуу зарылдыгын айтты. Ал эки тараптын кызыкчылыктары шайкеш келген учурда биргелешкен аракеттерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташуу боюнча меморандумдун долбоорун даярдоо тууралуу макулдашышты.
