Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак азыр кандай өткөрүлөт? 
16 октябрь

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак азыр кандай өткөрүлөт? 

“Биринчи радионун” эфиринде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев азыр айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча сынактар кандай өткөрүлөөрүн айтып берди. 

Айтымында, дээрлик ар жыл сайын квалификациялык сынакты өткөрүү процессине кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилет же суроолор жаңыланат. В категориясындагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 2,5 ай окуу талап кылынат, а С категориясы үчүн 3,5 ай. 

Ар бир окуудан кийин курсант квалификациялык сынактан өтүүгө тийиш – теоретикалык жана практикалык жактан. 

Теоретикалык сынакты тапшыруу үчүн окуучу бет жүзүн графикалык чагылдыруу боюнча идентификациядан өтөт, башкача айтканда биометрика. Андан соң система ага 20 суроо дайындайт, жооп үчүн 25 мүнөт убакыт берилет. Эгерде курсант 18 же андан көп суроого жооп берсе, анда сынактан ийгиликтүү өттү деп эсептелинет. 

Андан соң айдоо чеберчиликти текшерүү үчүн практикалык сынак пландаштырылат жана анда 8 этап бар. Сынактын ийгиликтүү болушу үчүн автомектептин окуучусу 6 же андан көп этаптан туура өтүшү керек. Андан кийин документтерди тапшырып, күбөлүк алат. Курсант экзаменден өтпөй калса, кайра сынак тапшыруу белгиленет.

Шералиев жакында эле квалификациялык экзамендерди тапшыруу жана айдоочулук күбөлүктү берүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор күчүнө киргенин, анда кайра сынак мурдагыдай 10 күндөн кийин эмес, 3 күндөн кийин белгиленерин билдирди.