ӨКМ: машыгуу алкагында Нарын дарыясынын нугун буруу иштери жасалууда
Бүгүн, 18-апрелде ӨКМ башында турган республикалык командалык-штабдык машыгуу өз максатына жетти деп бааланды. Алгач Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов Нарын дубанынын башчысынын орун басары менен талаа шаарчасын кыдырып, элди коргоо тууралуу өз кеңештерин берди.
Тажрыйба көрсөтүүлөрдүн соңунда Урматбек Шамырканов элди коргоодо облустардагы кызматтардын тыгыз байланышта өз ара аракетине токтолду.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда, кесепеттерин жоюуда жетекчилерден тарта катардагы кызматчыларга чейин ал тургай, менчигинин түрүнө карабастан элди ар тараптуу камсыз кылуу иштерин биргелешип алып барат.
«Республикалык машыгуунун алкагында Нарындын Ак-Талаа районунда жээк эрозиясынан коргоо иштери аткарылып, Нарын дарыясынын нугун буруу иштери жасалып жатат. Мындай көйгөй Кыргызстандын бардык аймактарында бар», – деген министрдин орун басары дарыяларды суу ресурстарын колдонгон мекемелердин балансына бекитип берүү демилгеси көтөрүлгөнүн билдирди.
Нарын облусу башка облустарга салыштырмалуу тоолуу аймак. Облуста мезгилдик өзгөчө кырдаалдар кайталанып турат.
Андыктан бүгүнкү республикалык машыгуунун алкагында кооптуу аймактарда алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерин пландын негизинде кандай алып баруу керектигин тактап, үйрөнө алышты.
