Токтогул районунда баңгизатын мыйзамсыз даярдап жүргөн жарандар камакка алынды
2026-жылдын 16-февраль күнү Токтогул РИИБнин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан райондун аймагында кылмыштуулукка каршы багытталган “Бандит” жана “Уурулук” аталышындагы рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек–Ош автожолунда “ВАЗ” үлгүсүндөгү автоунаа текшерүүгө алынган.
Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен ак целлофанга оролгон, өзгөчө жыты менен айырмаланган салмагы 272 граммды түзгөн зат табылган. Алынган затка карата соттук- химиялык экспертиза дайындалган.
Аталган факт боюнча Токтогул РИИБнин тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катарында 1992-жылы туулган А.А., К.Ж., Р.С., жана 1991-жылы туулган А уулу К. аттуу тургундары кармалып, Токтогул райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.
