Кылмыштуулуктун алдын алуу. Кадамжайда окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүрдү
21 январь

Кылмыштуулуктун алдын алуу. Кадамжайда окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүрдү

Кадамжай РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү Кадамжай шаарындагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Семетей» лицейи филиалында окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, лекциялар өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Иш-чаранын алкагында өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, мыйзам талаптарын сактоо, тартип жана коопсуздук маселелери боюнча маалыматтар берилип, окуучулардын суроолоруна жооптор айтылды.