Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 3-мартта саат 12:05те катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу жана Ала-Баш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
