Мэр “Алтай” шаарчасы тууралуу: Биз жарандарды ушул үйдө жаша деп мажбурлабайбыз, жашаш-жашабашты өздөрү чечет
Бишкектин чет жагында курулуш иштери жаңыдан башталып жаткан “Алтай” шаарчасындагы казылган жерлерден суу чыгып калганы көпчүлүккө маалым. Сейсмология институтунун директору бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн “курулуш боюнча бизден макулдашуудан өткөн эмес, ошондуктан баа бере албайбыз” деген себеп менен баш тарткан.
“Кабар” улуттук маалымат агенттигинин подкастында мэр Айбек Жунушалиев болочоктогу шаарчанын тагдырын мындайча чечмеледи:
“Илимдер академиясынын жетекчиси “бизден макулдашуудан өткөн эмес” деп айтып жатат. Курулуш тармагына уруксат алуунун өзүнүн тартиби бар, ага ылайык, Илимдер академиясына макулдашууга киргизилбейт. Курулуш министрлигинин алдында тиешелүү мекемелерден өтөт. Андагы адистердин корутундусу бар: ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү курууга болот. Анын жанында жаңы Ош базары, жаңы автобекет да курулган эмеспи, аларда да биринчи ушундай суу чыккан көрүнүш болгон. Анан дренаж курулуп, калыбына келтирилген. “Алтайда” да калыбына келтирилет”.
Айбек Жунушалиев алардын милдети курулушту куруп, жарандарга сунуштоо экенин, а тандоо же тандабоо ар бир жарандын жеке чечимине байланыштуу болоорун белгиледи.
“Мага көп учурда курулуш компаниялар боюнча силер кепилдик бересиңерби дегендей суроо берилет. Ар бирибиз аткарып жаткан кызматыбыздын алкагында маалымат бере алабыз. Биз Бишкек шаарынын тургундарын же конокторун мажбурлап, “ушул үйдөн үй ал, жаша” дебейбиз же кандайдыр бир ортомчулук кепилдиктерди берип жатсак бир жөн. Ошол турак жайда жашайм же жашабайм деген чечимди жарандар өздөрү кабыл алат. Көп учурда жарандар компаниялар менен өздөрү келишим түзүп, милдеттенмелерди аныктап алып, анан аягында жоопкерчиликти мамлекетке жүктөшөт”, – деди мэр.
